Опубликовано
10.10.2020, 11:11Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин VI созывдагы депуттары мамлекеттик резиденцияда жыйын өткөрүп жатышат. Жыйында өкмөт жана өкмөттүн структурасын тандоо жана Бишкекке ӨА киргизүү маселелерин карашат.
[news 28894]
Буга чейин «Достук» мейманканасындагы жыйында 67 депутат тарабынан колдоого ээ болгон Садыр Жапаровдун өкмөт болуп шайланышы мыйзамдуу катары эсептелинет. Бул тууралуу жыйында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.
Ал эми депутат Акылбек Жапаров бүгүнкү саясий кризистен чыгуу жолун талкуулоо керектигин билдирди. Анын айтымында, бардык маселелер ынтымак менен мыйзам жолунда чечилүүсү керек.
Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК тарабынан жокко чыгарылган.