Опубликовано
08.04.2020, 08:45Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү боюнча бөлүнгөн каражаттын 9 млн долларына Саламаттык сактоо министрлиги тез арада медициналык жабдык жана дары-дармектерди алат. Бул тууралуу финансы министрлигинен билдиришти.
[news 22808]
Каражаттарга төмөнкү дары-дармектер алынат:
— дары-дармек, шприцтер, инфузия топтомдору, жабдыктар, инсинираторлор, медициналык коргонуучу каражаттар;
— материалдык-техникалык жабдыктар;
— толук жабдыктары камтылган тез жардам автоунаалары;
— инфекциянын алдын алуу жана инфекцияны көзөмөлдөө боюнча шаймандар, анын ичинде дезинфекциялоочу каражаттар жана башкалар.
«Келишимге ылайык каражаттын 4.5 млн $ гранттык негизде, 4.5 млн $ сегиз жылга насыя катары берилет», — деп билдиришти финансы министрлигинен.
Андан сырткары, Дүйнөлүк банк менен COVID-19 илдетине ыкчам чара көрүү программасы аркылуу 12.15 млн $ каражат алуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калган. Белгилей кетсек, бул долбоор 2020-жылдын 2-апрелинде Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши тарабынан колдоого ээ болгон.