Опубликовано
04.09.2020, 06:45Жумуш учурунда COVID-19 илдетине чалдыгып, жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Республикалык штаб кошумча маалымат таратты.
[news 26823]
«Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын Комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат», - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн. Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.