Опубликовано
16.01.2024, 04:32Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде ысык тамак уюштуруу үчүн 14 млн 474 миң 480 сом сарпталат.Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Белгиленгендей, каражат башталгыч класстардын (1-4-класс) окуучуларына тамак-аш азыктарын сатып алууга жумшалат.
Тендерди уткан тарап өлкөнүн мыйзамына ылайык, тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартат.
Мамсанэпидкөзөмөл борборунан кондитердик цехтин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн корутундусун алгандан кийин, тиешелүү органдар цехтин абалын текшерүүгө алат.