akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.02.2022, 04:40

    Бишкекте кыргыз ишкерлери менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, делегациянын курамында 13 компаниянын өкүлдөрү келди.

    Алар текстиль, энергетика, мейманкана бизнеси жана туризм, айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы, сулуулук индустриясы, курулуш ж.б. экономиканын ар кайсыл тармактарында эмгектенгендер.

    Иш-чаранын алкагында тараптар В2В жолугушуу өткөрүшүп, кызматташуунун жагдайларын талкуулашты. Мындан тышкары, андан аркы сүйлөшүүлөр үчүн байланыш жолдорун макулдашты.


    Читать похожее