akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.04.2021, 10:30

    Фондду түптөөнүн максаты венгриялык компаниялар жана технологиялык Кыргызстандын суу, айыл чарба, медицина жана башка тармагы менен кызматташуу болуп саналат. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде Бишкекке расмий иш сапары менен келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуудан кийин билдирди.

    [news 33928]

    Петер Сийярто Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюлганына токтолду.

    «Келишимдин максаты венгриялык компаниялар жана технологиялык Кыргызстандын суу, айыл чарба, медицина жана башка тармагы менен кызматташуу болуп саналат. Алгач фондго 16 млн доллар которулат, жыл аягында калган 34 млн доллар которулат. Аталган фонддун директору тезирээк дайындалышын күтүп жатам. Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондуна Кыргызстандан үч, Венгриядан эки директор иштейт. Фонд канчалык эрте түзүлсө, ошончолук эрте ишибизди баштайбыз», - дейт ал.

    Венгиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга кызматташуу максатында 7 компаниянын өкүлдөрү келгенин белгиледи.


    Читать похожее

    • 08.04.2021, 04:30:29