Опубликовано
01.06.2022, 09:15Быйылкы жылдын алгачкы үч айында жашы жете электерге каршы жасалган 392 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылы ушул эле мезгилде балдарга каршы 409 кылмыш иши ачылган.
392 иштин 95и сотко жөнөтүлгөн.
“Балдарга каршы кылмыштар боюнча сотко жиберилген иштердин саны көбөйдү”, - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.
Балдарга карата жасалган кылмыштардын көбү Бишкек шаарында – 203. Ош шаарында – 56, Жалал-Абадда – 40, Чүй облусунда – 36, Ысык-Көл облусунда – 23, Ошто – 17, Нарында – 4, Таласта – 7, Баткенде - 6 катталган.
Белгилеп кетсек, бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү.