Опубликовано
13.07.2020, 10:552020-жылдын январь-июнь айларындагы Ички дүң продукциянын көлөмү 228 млрд сомдон ашып, 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 5.3 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин материалдарында айтылат.
«Кумтөр»кенин иштеткен ишканаларды эске албаганда, Ички дүң продукциясынын 2020-жылдын январь-июнь айларындагы көлөмү 196 млрд сомду түзүп, 6.9 пайызга төмөндөгөн.
Белгилей кетсек, өнөр жай продукциясынын 2020-жылдын январь-июнь айларындагы көлөмү былтыркы жылдын окшош убагына салыштырмалуу 0.1 пайызга көбөйгөн. Бул төмөнкү тармактардын өндүрүшүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болгон:
Терс тенденциялар курулуш тармагында (өндүрүш көлөмдөрү 9.1 пайызга төмөндөгөн), дүң жана чекене соода тармагында (14.9 пайызга) байкалган. Ал эми айыл-чарба тармагында, тескеринче өсүш байкалып, ал 1.6 пайызды түзгөн.