akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.10.2020, 08:00

    Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жыл башынан Кыргызстандын курулуш тармагында иш алып баруу үчүн 448 лицензия жана 1152 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды тариздеген. Бул тууралуу ведомствонун басм сөз кызматы билдирет.

    [news 28971]

    Маалыматка ылайык, жалпы 448 лицензиянын ичинен 322 уюм биринчи жолу лицензия алышкан.

    Ошондой эле отчеттук мезгили боюнча курулуш тармагындагы адистерге 1152 мамлекеттик квалификациялык сертификат таризделген. Анын ичинен мөөнөтүү бүткөндүгү менен байланыштуу 676 сертификат узартып берилген жана 81 адиске компетенттүүлүгү жоктугуна байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган.