Опубликовано
20.05.2020, 03:20Кыргызстанда 2439 үй-бүлө мамлекеттен жардам, жер алганына карабай кооптуу аймактан көчпөй жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 19-майда парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, билдирди.
[news 23822]
Министрдин айтымында, аларга жылына бир нече жолу берген эскертүү берилет. 2020-жылдын төрт ай ичинде эле кооптуу аймакта үч миңден ашык жер титирөө болгон.
Маалыматка ылайык, 3909 үй-бүлө көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашашат. Алардын ичинен 2406 үй-бүлө Ош облусунун, 1367 үй-бүлө Жалал-Абад облусунун кооптуу деп саналган аймактарында.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги май айындагы нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип келет.