akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    12.06.2020, 09:45

    Россия 2019-жылы 300 млн долларга түркмөн газын импорттоду. Бул тууралуу «Рейтерс» агенттиги Россиянын Ашхабаддагы элчиси Александр Блохинге шилтеме берүү менен билдирди.

    [news 24446]

    2019-жылы июлда Түркмөнстан газ жеткирүү боюнча Россия менен беш жылга келишим түзгөн. Келишимдин алкагында Россия жыл сайын 5,5 млрд куб метр түркмөн газын алып турат. Бирок газдын баасы ушуга чейин айтылган эмес.

    Ошол эле маалда россиялык дипломат былтыр жалпысынан канча көлөмдө түркмөн газы импорттолгонун так айткан жок.

    Түркмөнстан газын негизинен Кытай сатып алат. Бирок коронавирус пандемиясынан улам марттын башында Пекин форс мажор жарыялап, көгүлтүр отунду сатып алууну азайткан.


    Читать похожее