Опубликовано
25.02.2022, 08:50Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөй кыргызстандык кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
ТИМ Украинада аба каттамдары токтогондуктан ал аймактагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Украинада 1300дөн ашык кыргыз бар, анын 700гө жакыны элчиликтин консулдук каттоосунда. Алар Одесса, Киев жана Харьков шаарларында жашайт.
Украинадагы азыркы кырдаалга байланыштуу Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн төмөндөгүдөй ыкчам байланыш телефондору иштөөдө:
Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш номурлары:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348
Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын номурлары:
+996 551 312 000
+996 703 428 865
+996 709 983 465
+996 554 065 215
Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путин Украинага карата атайын аскердик операция баштады. Анын алкагында жабыркагандар жана каза тапкандар бар.