Опубликовано
16.04.2020, 09:21Улуттук банк, 2018-жылдын май айында аукциондун негизинде коммерциялык банктарга берген насыялардын кайра төлөө мөөнөтүн 2 жылга жылдыруу чечимине келди.
[news 23213]
Тийиштүү чечимге 2020-жылдын 15-апрелинде Улуттук банк тарабынан кол коюлган.
Белгиленгендей, бул чечим коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизип жаткан терс таасиринен улам кабыл алынган.
2018-жылы Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бөлүнгөн каражаттар региондорду өнүктүрүү максатында берилген.
«Коммерциялык банктар экономиканын башка тармактарын жаны региондорду каржылоо үчүн Улуттук банктан насыя алышат», — деп түшүндүрмө берди «Акчабарга» регулятор.