Опубликовано
19.12.2020, 06:4521-декабрда Улуттук банк 10 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды аукциондон сырткары жайгаштырат. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
[news 30849]
Эмиссиянын биргелешкен көлөмү 240 млн сомго бааланууда.
Кошумчалай кетсек, 11-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгында 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси 10.5% түзгөн. Ал эми 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын ачык жайгаштыруу талаптын жоктугунан улам өткөн жок.