Опубликовано
30.03.2022, 09:30Тоң районунун Кажы-Сай айылында 200 орундуу тигүү цехи ачылды. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына караганда, ишкананын ачылышына аталган фонд 10 миллион сом пайызсыз насыя бөлгөн.
Маалыматка ылайык, учурда ишканада 90 киши иштеп жатат. Алардын орточо айлык маяналары 25-35 миң сомду түзөт. Ал эми буйрутмалардын басымдуу бөлүгү Орусиядан келет.
“Акыркы күндөрү Россиядан буйрутмалар көбөйдү. Андыктан тикмечилердин бир айлык эмгек акысы 45 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Фабрикада кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.