Аналитик: Huawei смартфондор рыногунан чыгып кетүүсү мүмкүн

31.08.2020, 17:30 Акчабар
Аналитик: Huawei смартфондор рыногунан чыгып кетүүсү мүмкүн

Huawei смартфондор рыногунан чыгып кетүүсү мүмкүн. Анын себеби компанияга карата АКШ тарабынан чабуулдун болуп жаткандыгы. Бул тууралуу abnews порталы аналитик Мин-Чи Куонун билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

Белгиленгендей, азыркы учурда америкалык менен кытайлык электроника өндүрүүчүлөрүнүн бирге кызматташуусу азырынча суроо жаратууда. Кийинчерээк, АКШ өндүрүүчүлөргө кытайлык чиптерди сатууга тыюу салынышы мүмкүн.

Мин-Чи Куонун билдиргенине караганда, үчүнчү ирет чабуул Huawei үчүн эң оор болушу мүмкүн. Компаниянын алдын ала оптимисттик маанайда билдиргенине караганда, смартфондорду өндүрүүнү уланта беришет, бирок ошол эле учурда рыноктун бир бөлүгү жоготууга учурайт. Же болбосо компания сматрфон чыгарууну токтотот.

Аналитик баса белгилеп кеткендей, Huawei мобилдик телефондорундагы функцияларына болгон талапты жогорулатат жана америкалык технологиялар менен чыгарган чиптерди өндүрүүнү токтотот.

Тэги: аналитик смартфондор рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть