АӨБ: Коронавирустан экономика 347 млрд $ чейин жоготууга учурашы мүмкүн

06.03.2020, 15:00 Акчабар
АӨБ: Коронавирустан экономика 347 млрд $ чейин жоготууга учурашы мүмкүн

Коронавирустун кесепети экономиканы 347 млрд долларга чейин чыгымга учуратты. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын жаңы анализдеринде айтылат.

Банктын адистери туризмге, иш сапарларга, соода жана өндүрүү байланыштарына болгон талаптардын азайгандыгын жана буйрутмаларды жеткирүү үзгүлтүккө учурап жатканын ошондой эле ден-соолукка дагы таасирин тийгизип жаткандыгын билдиришти.

«Коронавирусту жуктуруп албоону алдын-алуу максатында коюлган талаптар, мисалы сапарларга чыгууну токтото туруу, аба каттамдарынын рейстерин токтотуу дүйнөлүк ИДПга 0.2% же 156 млрд доллар жоготуу алып келиши мүмкүн. Аталган сумманын 103 млрд доллары Кытай Эл Республикасына туура келет. Сумманын калган бөлүгү өнүгүп жаткан Азияга - 22 млрд доллар же ИДПнын 0.2% түзөт», — деп жазылат анализде.

Азия өнүктүрүү банкынын экономисти Ясуюки Саваддын айтымында, COVID-19 жаңы вируска болгон белгисиз жагдайлар жана анын экономикага болгон таасири дагы абдан көп.

«Потенциалдык жоготуулардын алдын-алуу үчүн көптөгөн кадамдарга баруу керек. Биз жүргүзгөн бул анализ, ар бир мамлекеттин өкмөтүнө, коронавирустан коргонуу боюнча жүргүзүп жаткан программаларына жардамын тийгизет», — деп баса белгиледи ал.

Азия өнүктүрүү банкы өлкөлөргө болгон мындан аркы колдоосун уланта берерин билдирди.

«Азия өнүктүрүү банкы өзгөчө кырдаал убакта финансылык жактан жардам көрсөтүүгө, саясаттын негизинде насыя берүүгө, жеке секторлорду инвестициялоого, андан сырткары техникалык жардам көрсөтүүгө даяр», — деп баса белгиледи банк.

Тэги: коронавирус экономика терс таасир

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть