АӨБ Кыргызстанга COVID-19 менен каршы күрөшүүгө 200 миң $ берет

03.04.2020, 16:30 Акчабар
АӨБ Кыргызстанга COVID-19 менен каршы күрөшүүгө 200 миң $ берет

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга коронавирус менен каршы күрөшүүгө 200 миң доллар берүү чечимин кабыл алды.

Андан сырткары, Азия Өнүктүрүү банкы БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте COVID-19 жакыр жана аялуу катмарына тийгизген таасири боюнча изилдөө жүргүзүп жатат. Мунун менен катар, банк Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө жана пандемияга каршы жөндөмүн күчөтүү боюнча кошумча грант жана насыя бөлүп берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылыгын билдирди.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 19-мартында АӨБ өнүгүп келе жаткан мүчө - мамлекетттерге COVID-19 менен күрөшүүгө 6.5 млрд $ жакын каражатты алгачкы жардам катары берерин билдирген.

Тэги: АӨБ Кыргызстан COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть