АӨБ Нарын облусуна таза суу чыгаруу үчүн 32,9 млн доллар бөлөт

01.05.2020, 10:00 Акчабар
АӨБ Нарын облусуна таза суу чыгаруу үчүн 32,9 млн доллар бөлөт

30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында кол коюлган кредиттик макулдашууну (Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитариясын жакшыртуу программасы) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Өкмөттүн алдындагы Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев баяндама жасап, Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32.9 млн АКШ доллары бөлүнөрүн маалымдады.

Белгилүү болгондой, Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондунан 13.7 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант, 13.7 млн АКШ доллары насыя түрүндө алынат. Өкмөт тарабынан 5.5 млн доллар өлчөмүндө кош каржылоо жасалып, бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.

Азия өнүктүрүү банкынын насыя берүүдөгү финансылык шарттары тууралуу сөз кылган Көкүмбек Таштаналиев: «Насыя 32 жылга, анын ичинде 8 жылга 1% жана 1.5% үстөк коюлуп, жеңилдетилген мөөнөткө берилет. Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл», - деди.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Тэги: АӨБ Нарын Таза суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть