Опубликовано
08.04.2020, 03:50Апрель айында республикалык бюджетте дефициттин болушу күтүлүүдө. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттин кирешеси - 12 млрд 549 млн 982 миң сомду, чыгаша - 12 млрд 568 млн 739 миң сомду түзөт. Муну менен катар чыгаша кирешеден 18 млн 757 миң сомго көп болот.
[news 22912]
Чыгашанын басымдуу бөлүгү - мамлекеттик карызды жабууга жумшалган. Андан сырткары, Билим берүү министрлигинин (ведеомство аралык билим берүү жана маданий уюмдар) апрель айындагы чыгашасы - 2.1 млрд сом, Финансы министрлигинин Социалдык фондуна которгон каражаттын суммасы - 1.8 млрд сомду, социалдык өнүктүруү жана эмгек министрлигине - 875 млн 375 мин сомду түзгөн.
Бюджет тартыштыгын кошумча ресурстар аркылуу (173.2 млн сом) жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу (843.3 млн сом) толуктоо пландалууда.