Апрель айында дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө 229 млн жумшалат

29.04.2020, 17:30 Акчабар
Апрель айында дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө 229 млн жумшалат

Апрель айында дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө 229 млн сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, жарандар жана юридикалык жактардан келген каражат топтолгон Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине 134 млн сомдон ашык каражат түшкөн. Анын ичинен март айындагы иши үчүн дарыгерлерге кошумча акы төлөө үчүн 38,5 млн сом сарпталган.

Ал белгилегендей, атайын эсепке келген каражатты бөлүштүрүүнү боюнча түзүлгөн комиссия ал каражаттардын төлөнүшү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын уккан.

«Комиссиянын отурумунда Саламаттык сактоо министрлигинин 38,5 млн сомдун төлөнүшү, ошол эле учурда апрель айына канча каражат эсептелгени боюнча маалыматын уктук. 134 млн сомдон 38,5 млн сом бөлүнгөндөн кийин эсепте 96 млн сомго жакын каражат калган. Кечээ комиссия 96 млн сомду дарыгерлердин апрель айындагы кошумча төлөмдөрүнө бөлүүнү чечти. Жетишпеген каражатты Каржы министрлигине бөлүп берүүнү сунуш кылдык. Апрель айы үчүн кошумча төлөмдөргө 229 млн сомдон ашыгыраак каражат сарптала турган болду. 133 млн сомдон ашык каражатты Каржы министрлиги бөлүп берет», - деди ал.

Аны менен бирге ал, оорунун очокторунда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин айлык маяналары сакталарын айтып өттү.

Тэги: апрель дарыгер кошумча акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть