Ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн сомдон ашык каражат жумшалды

01.01.2024, 12:30 Акчабар
Ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн 345 миң 500 сом жумшалып, каражат демөөрчүлөр тарабынан берилген.

Белгиленгендей, кабинага инфракызыл жылыткыч жана жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстүнкү бөлүгү алмаштырылып, чыңдалган айнектер орнотулуп, жаңы килемдер төшөлдү. Металл тосмолор сырдалып, элементтери алмаштырылды.

Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон Кыргызстандын мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду.

Тэги: ардактуу кароол мамлекет Бишкек мэриясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть