Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эртең, 22-декабрда, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Новиков бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.