“Ассанабил” фонду Саламаттык сактоо министрлигине жети тез жардам унаасын белекке берди

13.08.2020, 16:56 Акчабар
“Ассанабил” фонду Саламаттык сактоо министрлигине жети тез жардам унаасын белекке берди

Бүгүн, 13-августда Бишкек шаарында Эл аралык "NAMA" уюмунун демөөрчүлүгү менен жети тез жардам унаасы Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Заманбап медициналык техникалар менен жабдылган жети тез жардам унаалары атайын заводдон буюрутма менен сатып алынган. Алардын экөөсү портативдүү ИВЛ, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдыкталып, реанимация стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө.

Унааларды тапшыруу аземине вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, “Ассанабил” ККФнун президенти Саид Баюми жана башкалар катышты.

Эскерте кетсек, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Ала-Тоо өнүктүрүү жана NICE Кыргызстан NAMA уюму менен биргеликте Covid-19 илдетине каршы түзүлгөн программанын негизинде саламаттык сактоо тармагына 4 ИВЛ аппараты, 10 миң медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап, 100 миң кол каптар берилген.

Тэги: Саламаттык сактоо тармагы тез жардам унаалары белекке Ковид-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть