Ат-Башы районунда өзгөчө абал алынып, карантин киргизилди

11.05.2020, 14:45 Акчабар
Ат-Башы районунда өзгөчө абал алынып, карантин киргизилди

Бүгүн, 11-май күнү өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилүүдө.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов Ат-Башыда киргизилип жаткан карантин тууралуу айтып берди.

«11-майдан тарта Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ачакайыңды аймактарында чектөө чараларын – карантин киргизүү боюнча буйрук чыкты. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ачакайыңды жана Ак-Жар айылдарынын кире бериштеринде санитардык-карантиндик посттор уюшулду. Уюшулган санитардык көзөмөл пункттарына Ат-Башы ички иштер бөлүмдөрүнөн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, Ат-Башы райондук кара тумоого каршы бөлүмүнөн, Ат-Башы, Ачакайыңды жана Ак-Жар айылдарынын айыл өкмөтүнөн кызматкерлер коюлду. Ат-Башы, Ачакайыңды айылдарындагы азык-түлүк саткан соода түйүндөрүнө кечки 19:00гө чейин, ал эми калктын күнүмдүк керектелүүчү товарларын, унаа тетиктерин, курулуш материалдарын саткан соода жайларды 18:00гө чейин, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү чач тарач, сулуулук салону, желимдөө, сүрөт салону, унаа оңдоо жайлардын 18:00гө чейин иштер турганы белгиленди. Ат-Башы айылындагы Береке базары саат 09:00дөн 14:00гө чейин иштей турганы белгиленди. Ат-Башы районунун аймагында массалык иш-чараларды, митингдерди, жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Ат-башы районунда мурда уюштурулган обсервация калтырылды. Айыл өкмөттөрүндө эпидемияга каршы комиссияларды түзүп, иш алып баруу милдеттендирилди», — деди ал.

Тэги: Ат-Башы району өзгөчө абал Карантин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть