Опубликовано
01.12.2023, 11:30Түркиянын “Happy Center” соода тармагынын ээси Явуз Алтун жана кыргызстандык өндүрүш компаниялары кыргыз продукциясын Түркия рыногуна жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция миинистрлиги билдирди.
Бул меморандумга кыргызстандык “Алайку Органикс”, “Экопродукт Азия”, “Салих ЛТД”, “Риха”, “Аброй Групп”, “Уайт Ривер”, “Продимпекс”, “Адал Азык”, “Агромаркетинг” кооперативи, “Кыргызцентрпродукт” ЖЧКсы , “Атилла Органик Фүүдс” ЖЧКсы, “Био Квасс” ЖЧКсы, “Радуга Форель”, “DilNurKG” жана “Аталык Групп” ишканалары кол коюшту.
Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстандын Түркия менен тышкы соодасынын көлөмү 464,0 млн долларды түздү жана 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га өстү.
Белгилеп кетсек, “Happy Center” чекене тармагы Түркиянын 1996-жылдан бери чекене соода тармагында иштеп келе жаткан жергиликтүү азык-түлүк дүкөндөрүнүн эң ири тармагы. Жалпы штатында 6000 кызматкер эмгектенет. “Happy Center” соода тармагынын Түркиянын 5 провинциясында 200гө жакын дүкөнү бар.