Ата мекендик ишкерлер Кытайга агропродукцияларды экспорттоого белсенүүдө

18.01.2024, 12:15 Акчабар
Ата мекендик ишкерлер Кытайга агропродукцияларды экспорттоого белсенүүдө

17-январда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү менен Юридикалык жактардын: “Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн ассоциациясы”, “ЖИА Бизнес ассоциациясы” жана “Мөмө өстүрүүчүлөр Ассоциациясы” бирикмелеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Тараптар Кытай рыногуна ата мекендик продукцияны экспорттоону өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө биргелешип көмөктөшүүнү макулдашты.

Атап айтканда, меморандумдун максаты тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн ата мекендик ишкерлерди коргоонун жана колдоонун натыйжалуу механизмин камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары, бизнес маалыматын алмашуу, анын ичинде эл аралык соода жана экспорттук маалыматтар, аналитикалык серептер жана рыноктук изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча маалымат алмашуу, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча өз ара консультацияларды камсыз кылуу.

“Экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү жана кеңейтүү максатында улуттук жана эл аралык көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, симпозиумдарды жана конференцияларды, ошондой эле бизнес-форумдарды, пресс-конференцияларды жана семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө же аларга катышууга көмөк көрсөтүү каралды”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: ата мекендик өндүрүүчүлөр агропродукция Кытай JIA Бизнес-ассоциациясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть