akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.04.2024, 06:40

    Бишкектеги Ататүрк сейил багында 198 объект буздурулууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

    Анын айтымында, бул чечимдин максаты практын 107 гектарды түзгөн аянтынын чек арасын бекитүү болуп саналат.

    “Биз 1992-жылдагы кабыл алынган токтомго кайрылып келдик. Бул чечим мурда кабыл алынган бардык чечимдерди, тактап айтканда, жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга берүүгө байланыштуу 124 чечимди жокко чыгарат дегенди билдирет. Жер тилкелерин кайтарып алуу, мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт. Бул жокко чыгарылган чечимдерге 198 объект кирет”, - деди калаа башчы.

    Кошумчаласак, жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги каралат. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканы маалым болду.


    Читать похожее

    • 08.07.2024, 02:55:43
    • 20.06.2024, 23:30:03
    • 16.04.2024, 00:40:59
    • 24.03.2024, 23:15:42