Автоунаа сатып алганда дароо өзүңүзгө каттатыңыз. Милиция жарандарга кеңеш берет

05.02.2021, 12:30 Акчабар
Автоунаа сатып алганда дароо өзүңүзгө каттатыңыз. Милиция жарандарга кеңеш берет

Милициянын кайгуул кызматы жарандарга унаа сатып алган учурда аны ошол замат өзүнө каттатып, же унаанын жаңы ээсине толук кандуу өткөрүп берүүнү сунуштайт.

Кайгуул кызматына жарандардан мурдагы сатып жиберген автоунааларын жөн гана келишимдин негизинде саткандыктан ал унаанын документтеги мыйзамдуу ээси болуп калып, аны сатып алган жарандар тарабынан жасалган жол кыймылынын коопсуздук эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынып, ал токтомду камтыган кат мурдагы саткан жарандын дарегине барып жатканын айтып, арызданып келгендер көп катталууда.

Мындай кайрылуулар менен Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнө 2020-жылдын 12 ай ичинде 2 миң 62 арыз түшүп, анын ичинен 236 унаанын айдоочулары издөө бөлүмү тарабынан табылып, арыз ээлери менен жолугуштурулган. Анын ичинен 46 автоунаа сот аткаруу тутумуна жөнөтүлгөн. Калган автоунааларды издөө иштери уланууда.

Эгер унааны сатып жаткан жаран ошол учурда сатып алган жарандын өзүнө толук кандуу өткөрүп, же ошол жарандын дарегине каттатып бербесе, кийин сатып алган жарандын жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айып пул ошол жарандын дарегине келип түшөт.

«Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаанын убагынан өтүп кеткен айып пулун текшерип, факт аныкталса айып короого токтотуп жаткандыгы да ошондон. Андыктан Кайгуул кызматы жарандарды автоунааны сатып жаткан учурда толук кандуу сатып алган жаранга өткөрүп берүүнү сунуштайт», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: милиция унаа Кайгуул кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть