Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

21.10.2020, 16:10 Акчабар
Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымовичтин кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: министр Эркинбек Чодуев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть