Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.12.2023, 05:57

Ош жана Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон 1 миң 615 адам 511 тонна азык-түлүк (байытылган ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы БУУнун Азык-түлүк программасынан билдиришти.

Уюмдун маалыматы боюнча, Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) Өнүктүрүү демилгелери боюнча өнөктөш агенттиги (ADI) менен биргеликте калктын аялуу катмарына киреше алып келүүчү иш-аракеттер үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышуу үчүн азык-түлүк таратышты.

Белгилеп кетсек, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коомдук долбоорлор аркылуу колдоп келет.


Читать похожее

  • 12.06.2024, 21:12:50
  • 05.06.2024, 01:17:10
  • 14.05.2024, 21:58:36
  • 06.05.2024, 02:20:56