Опубликовано
14.09.2023, 04:00Кыргызстанда аз камсыздалган 94 миң үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Үй бүлөгө көмөк” пособиесинин өлчөмү 1 миң 300 сомду түзөт.
Андан тышкары, мындай үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифинде жеңилдиктер берилет. Алар бир киловатт-саат үчүн 50 тыйындан төлөшөт.