Опубликовано
07.03.2024, 09:00Ажылык сапарга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн акча төлөө мөөнөтү 14-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Буга чейин зыяратчылар банкка 2 миң доллар төлөшсө, эми калган 1 миң 750 долларды төгүшү керек.
Муфтият шартка ылайык сумманы төлөөгө үлгүрбөгөндөр ажылыкка баруу үчүн электрондук кезектен чыгарыларын билдирди.
Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.