Азия өнүктүрүү банкы айыл чарбаны өнүктүрүүгө 40 млн доллар бөлөт

09.04.2024, 10:45 Акчабар
Азия өнүктүрүү банкы айыл чарбаны өнүктүрүүгө 40 млн доллар бөлөт

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоору айыл чарбасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана продукцияны тышкы рынокторго экспорттоо үчүн орто жана ири кайра иштетүүчү комплекстерди, логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө дем берүүгө, узак жана арзан кредиттик ресурстарга жана соода маалыматтарына жетүүнү камсыз кылуу жолу менен эң жогорку экспорттук потенциалга ээ компанияларды комплекстүү колдоого багытталган.

“Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилет. Долбоордун суммасы 40 млн долларды түзөт. Азия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген кредиттик каражаты – 20 млн доллар, гранты – 20 млн долларды түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Министрлер кабинетинин тең каржылоосу – 850 миң доллар. Кредиттин мөөнөтү – 32 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мезгил – 8 жыл. Жеңилдетилген мезгил ичинде пайыздык чен жылына – 1% жана андан кийинки мезгилде 1,5 %. Төлөмдөрдүн саны – жылына 2 жолу.

Тэги: Азия өнүктүрүү банкы айыл чарба грант насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть