akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    12.02.2021, 07:45

    Азия өнүктүрүү банкы 9-февралда биринчи жолу Казакстанда жайгаштырылган гендердик баалуу кагаздардын эсебинен 20 млн долларга жакын каражат тартты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

    [news 32332]

    Гендердик баалуу кагаздардан тартылган каражаттар,«Турак жай фондун каржылоодо гендердик теңчиликти алга жылдыруу» долбоорун каржылоого жумшалат. Жалпысынан программага дээрлик 90 млн доллар тартуу пландалууда.

    Долбоор «Отбасы банк» АКтын региондо жашаган аялдарга ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

    Кошумчалай кетсек, баалуу кагаздар жарым жылга чейин 10-15% купон менен 10 жылдык мөөнөткө, 2030-жылдын декабрь айына чейин төгүүгө берилет.

    Эске сала кетсек, «Отбасы банк» турак жай курулушун үнөмдөө тутумун ишке ашырган жалгыз банк.


    Читать похожее

    • 15.08.2024, 21:25:52
    • 16.07.2024, 22:20:34
    • 28.06.2024, 00:41:05
    • 08.04.2024, 22:45:22