Байсалов: Пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн

22.04.2022, 12:49 Акчабар
Байсалов: Пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эл менен жолугуп, анда пландаштырылып жаткан пенсиялык реформа тууралуу айтты.

Ал белгилегендей, пландаштырылып жаткан реформанын негизги максаты пенсиянын базалык ставкаларын жогорулатуу жана бүтүндөй пенсиялык системанын туруктуулугун жана финансылык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Райондун жашоочулары пенсияны адилет бөлүштүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.

Байсалов реформанын алкагында бир катар олуттуу өзгөрүүлөр пландаштырылууда, бул өз кезегинде коомдо түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн. Ошого карабастан, бардык өзгөртүүлөр жарандарыбыздын пенсиясын жогорулатууга жана аны адилет бөлүштүрүүгө гана багытталганын айтты.

«Биздин пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн. Аны оңдоого убакыт келди. Пенсионерлерге татыктуу карылыкты камсыз кылышыбыз керек. Биригүү аркылуу алдыдагы өзгөрүүлөр эмнеге багытталганын ар бир жаранга түшүндүрүү зарыл», - деди Байсалов.

Айта кетсек, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өткөн. Анда жылдын аягына чейин Кыргызстанда пенсияны жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү пландалып жатканы айтылган. Ошондой эле аялдардын пенцияга чыгуу курагын 58 жаштан 60 жашка көтөрүү сунушталган. Аны менен бирге эле Кыргызстанда Соцфондго төлөм төккөн жарандар аз экени айтылып, жарандарды пенсияга чыгууга акча чогултууну түшүндүрүү керектиги белгиленген.

Тэги: пенсиянын базалык ставкалары реформа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть