Бажы кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды

28.01.2021, 09:00 Акчабар
Бажы кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды

Финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө бекетинин бажы кызматкери кармалды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер «Кызыл-Бел» бекетинин бажы кызматкерлерине карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арызда бажычылар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өтүп жаткандыгы үчүн системалуу түрдө акча талап кылганы айтылат.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен «Кызыл-Бел» бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. кармалган.

Мындан сырткары, кармалган жарандын унаасын тинтүү учурунда 100 миң сомдой (чет элдик валюта да болгон) акча каражаты табылган.

Тэги: Финансы полициясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть