Бакыт Төрөбаев: ирригация тармагына кошумча 2 млрд сом бөлүнөт

05.01.2024, 11:38 Акчабар
Бакыт Төрөбаев: ирригация тармагына кошумча 2 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстанда ирригация тармагына бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун сугат суу системасын жакшыртуу боюнча көчмө жыйынга барганда билдирди.

Көчмө жыйында Чүйдөгү Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын, Молтобар, Ак-Суу, Шорго декадалык жөнгө салуучу бассейндерин жана “Совхозный” каналын реконструкциялоо иштери да текшерилди.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилерди көрүп чыгып, №2 суу сактагычын толтуруу үчүн алты скважинаны калыбына келтирүү тапшырмасын берди.

Тэги: ирригация Бакыт Төрөбаев мамлекеттик бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть