Бала асырап алгандарга мамлекет 18 миң 757 сомдон төлөп берет

14.01.2021, 15:30 Акчабар
Бала асырап алгандарга мамлекет 18 миң 757 сомдон төлөп берет

Кыргызстанда баланы багып алуучу үй-бүлөлөргө төлөнүүчү акынын көлөмү жогорулатылды. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан «Турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө» деген жобо иштелип, өкмөт тарабынан бекитилди.

«Ар бир бала ата-энеси менен жашоону каалайт. Кээде ата-эненин камкордугунан ажырап калат. Ал баланын өсүүсүнө өз таасирин тийгизет. Бул учурда мамлекет балдарды үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялануу укугунун сакталышын камсыздаш керек жана балага альтернативдүү кароо кызматын көрсөтүүгө милдеттүү», - дейт ал.

Солтонбекова белгилегендей, баланы багып алуучу үй-бүлө атайын окуудан өтүп, ийгиликтүү аяктаганда гана келишимдин негизинде баланы убактылуу тарбиялайт.

«Кыргызстандын 30дан 65 жашка чейинки ар бир жаран багып алуучу боло алат. Белгилеп кетчү нерсе, багып алуучу үй-бүлө менен баланы асырап алуу эки башка. Асырап алууда баланын фамилиясы өзгөрөт, үй-бүлөнүн мүлкү каралат. Ал эми багып алууда келишимдин негизинде кайсы бир үй-бүлө убактылуу тарбиялайт жана кийин башка үй-бүлө да баланы багып ала алат. Багып алуучулар ата-энелик укугунан ажыраган же чектелген, ата-энесиз калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, физикалык, психологиялык жактан коркунуч жаралган үй-бүлөдөн болгон балдарды багып алса болот», - деди ал.

Министр багып алуучу 3 баланы келишимдин негизинде тарбияласа болорун кошумчалайт.

«Багып алуучу үй-бүлөдө такыр балдар жок болсо, анда 5 балага чейин тарбиялоого укуксат берилет. Бирок өзүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпоо керек. Ал эми 3 жашка чейинки баланы багып ала турган болсо, аны кароо үчүн үй-бүлөдө бирөөсү иштебеши керек. 10 жаштагы балдар үй-бүлөнү өзү тандоого укук берилет. Ошондой эле тууган болгон балдар бир үй-бүлөгө берилет», - деп билдирди Солтонбекова.

Министр өкмөт тарабынан 2020-жылдын 21-декабрында 622-токтому менен «Багып алуучулар жөнүндөгү» жобунун жаңы редакциясы бекитилгенин айтат.

«Жобонун жаңы редакциясында Улуттук статистика комитети бекиткен жашоо минимуна жараша багып алуучу үй-бүлөгө акы берилген. Мурун бир балага деп төлөнсө, эми балдардын санына, жашына жараша төлөнөт. Эмгек акы жана баланы камсыздоого деп бир балага 18 миң 757 сом берилет. Келишимге кол койгондор тарта төлөнө баштайт. Кошумчалай кетсем, 2014-2020-жылдар аралыгында 200дөн ашык бала үй-бүлөлөргө берилген. Бүгүнкү күндө 44 үй-бүлө 72 баланы тарбиялоодо», - деп белгиледи министр.

Балдарды багып алуучулардын бири Айнагүл Шарапиеванын айтуусунда, 72 сааттык окуудан өтүп баланы багып алган.

«Кийин 1,5 жана 2,5 жаштагы кыздарды багып алдык. Башында кичинекей кызым эркек кишиден качып, чоочулап турчу. Азыр тескерисинче сезимдерин жашырбай калды. Балдардын баары бир туугандай болуп калды», - дейт Шарапиева.

Тэги: Кыргызстан үй-бүлө Ализа Солтонбекова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть