Балдардын жөлөк пулун жогорулатууга бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнгөн

01.06.2022, 15:30 Акчабар
Балдардын жөлөк пулун жогорулатууга бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнгөн

Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом кошумча бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден ашуун балага тиешелүү болот.

"Президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарын жогорулатууга кошумча 1 миллиард 200 миллион сом бөлдү. Бул багыттагы иш токтобойт, мамлекеттин балдарга болгон камкордугу системалуу, ырааттуу", - деди министр.

Белгилеп кетсек, бүгүн өлкө боюнча Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.

Тэги: жөлөк пул балдар министр Базарбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть