Опубликовано
03.07.2020, 03:01Бүгүн, 2-июль күнү Бангладештен Бишкекке 103 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
[news 25432]
«Бул аба каттамы менен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары да кайтарылды. Өзбек жана тажик тараптын кайрылуусу боюнча ал жарандардын мекенине кайтуусу үчүн транзиттик коридор уюштурулат», - деп билдирет министрлик.
Келген жарандарын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылган.
Министрликтен белгилешкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды өлкөгө кайтаруу боюнча иштер уланууда.