Капиталы 50 млн долларды түзгөн кыргыз-өзбек фонду расмий ачылды

14.04.2022, 14:15 Акчабар
Капиталы 50 млн долларды түзгөн кыргыз-өзбек фонду расмий ачылды

Бишкекте баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болду. Анын алкагындагы иш-чарага "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө бул жыйын достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн айкын мисалы экенин белгиледи.

"Өзбекстан Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Бирок бүгүнкү күндө кызматаштык мүмкүнчүлүк толугу менен ачылган эмес. Биз жергиликтүү рынок менен чектелбестен, тескерисинче, дүйнөлүк суроо-талаптын алкагында экономикалык потенциалыбызды ишке ашырууга умтулуп жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Эске салсак, фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Анын баш кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан, өз кезегинде фондду башкарууну Фонддун кеңеши жана башкармалыгы ишке ашырат.

Фонд Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтөт.

Тэги: Кыргыз-өзбек фонд капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть