Опубликовано
02.04.2020, 04:30Баткендик ишкер ооруканага баасы 15 миң доллар турган тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
[news 22714]
Маалыматка ылайык, күн мурун, 1-апрелде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна аталган айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер тез жардам унаасын белекке берген.
Мындан сырткары, ишкер аталган оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн 100 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.
«2019-жыл ичинде Лейлек районунун тургуну, ишкер Ысманали Жороев тарабынан Исфана шаарына, Ак-Суу айыл аймагына, Сүлүктү шаарына баасы 15 миң доллар турган үч тез жардам унаасы белекке берилген», - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.