Опубликовано
13.11.2019, 08:30Баткен облусунда жарандын унаасынан 15 килограммдан ашуун баңгизат табылды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү унаасына 15 килограмм 720 грамм гашиш катып жүргөн.
Кошумчалай кетсек, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы афган гашишинин ири партиясын Тажикстандан Кыргызстанга ташып келген каналды аныктоо үчүн атайын операция уюштурган болчу. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.