akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.09.2023, 05:50

    Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

    Чандеки айылында жайгашкан окуу имараты 150 окуучуга чакталат. Курулушка мамлекеттик бюджеттен дээрлик 74 миллион сом бөлүнгөн.

    Мектеп 2024-жылы колдонууга берилет деп пландалууда.

    Белгилеп кетсек, буга чейинки мектеп имараты 67 жыл мурда ашар жолу менен салынып, авариялык абалга келген.


    Читать похожее