akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.02.2022, 10:00

    Кыргыз-тажик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын айынан курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөк пул берилет. Министрлер кабинетинин маалым болгондой, жөлөк пулду дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды.

    Ай сайын 3 миң 700 сомдук пособие төмөнкүлөргө берилет:

    • курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар 18 жашка толгонго чейин;
    • курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;
    • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.

    Читать похожее

    • 18.08.2024, 22:00:33
    • 13.08.2024, 00:25:51
    • 06.08.2024, 23:15:52
    • 04.08.2024, 23:35:06