Опубликовано
21.05.2024, 10:40Баткен облусунда бир катар социалдык долбоорлор ишке ашат.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, планга ылайык 2025-жылга чейин кызамыктын алдын алууга көңүл бурулуп, эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдештирилет.
Ошондой эле 200гө жакын саламаттыкты сактоо кызматкерлери окутуудан өтүп, 5 мобилдик топ түзүлөт.
Ал эми билим берүү тармагы боюнча 1 миң 750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын окутуудан өтөт.
Бул багытта Баткенге ЮНИСЕФ колдоо көрсөтөт.