Баткен облусунда киргизилген чектөөлөр кайрадан каралып чыкты

29.09.2020, 10:00 Акчабар
Баткен облусунда киргизилген чектөөлөр кайрадан каралып чыкты

Республикалык штабдын тапшырмасы менен Баткен облустук штабы киргизилген чектөөлөрдү кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этээрин айтып, коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды.

Мындан улам облустук штаб, маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берди.

Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү беткап режими жана той аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды.

Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Тэги: республикалык штаб Баткен облусу штаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть