akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.11.2022, 04:30

    Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

    Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алды. Ага ылайык, облустук, райондук деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын шаарда өткөрүүгө чектөөлөр кийинки жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

    Мэриянын бул кадамы быйыл сентябрдагы чек ара жаңжалында курман болгондор, жарадарлар жана үй-жайсыз калгандардын абалына байланыштуу.

    Чектөөлөр Жаңы жыл, 8-март, Нооруз, Акыркы коңгуроо, Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Жеңиш майрамы, Эгемендүүлүк күнүн жана кесиптик майрамдарды белгилөөгө тиешелүү.


    Читать похожее

    • 18.08.2024, 22:00:33
    • 13.08.2024, 00:25:51
    • 06.08.2024, 23:15:52
    • 04.08.2024, 23:35:06