Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жумшала турган каражатты бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын суммасы 23 млн 934 миң сомду түздү.
- Каражаттын 11 млн 778 миң сому шайлоону уюштурууга (маалымат, комиссияларды окутуу, байланыш менен камсыз кылуу, маалыматтык материалдарды жана бюллетендерди басып чыгаруу, аймактарга жабдууларды, документтерди жана таркатма материалдарды жеткирүү ж.б.);
- 12 млн 156 миң сом эки округдук шайлоо комиссиясынын жана 143 участкалык шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн колдоого жумшалат.